Грецияда токой өртүнөн каза болгондордун саны 80 ден ашты

735

Грециянын борбору Афинанын четиндеги токойлорду каптаган өрттөн каза тапкандардын саны 80 ден ашты. Дагы 200дөй киши жабыркады, жүздөн ашуун адам дайынсыз деп саналууда. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Грецияда ушул дүйшөмбү күндөн бери уланып жаткан өрт акыркы ондогон жылдар ичиндеги эң масштабдуусу болду. Өлкөнүн бир нече аймагында өзгөчө абал режими киргизилди. Тилсиз жоодон баш калаа Афиныдан көп алыс эмес жайгашкан Мати курорттук району эң көп жабыр тартты. Ал жерден 26 кишинин сөөгү табылды.

Бийлик өрттү өчүрүүгө жүздөгөн куткаруучулар менен катар аскер кызматчыларын да тартты. Грециянын өкмөтү эл аралык жардам сурап да кайрылды. Масштабдуу өрттүн тутанышына адаттан тыш ысык аба ырайы жана бир нече айдан бери жамгыр жаабаганы себеп болсо, анын жайылып кетишине катуу шамал шарт түздү. Бул өз кезегинде куткаруу ишин да кыйынчылыкка учуратты.