«Грекстон Кэпитал» компаниясынын башында М. Бакиевдин адамы турат

1073

НТС телеканалына көз арткан «Грекстон Кэпитал» компаниясынын башында Максим Бакиевдин жакын адамы Сергей Костырин турганы расмий түрдө тастыкталды. Анын сотко жиберген өкүлү көрсөткөн ишеним документи Минск шаарында берилгени аныкталды.

Бул тууралуу телеканалдын юристи Амантур Абдырахманов билдирип, тастыктаган документти көрсөттү. Муну менен НТСти басып алуу аракетинин артында качкын президенттин уулу Максим Бакиев турганы далилденип калды.

Ал эми Кыргызстандын соту анын пайдасына чечим чыгарып берип жатканы таң калтырбай койбойт.