«Грин карта» утуп, бирок визага кирбей калгандар үчүн мүмкүнчүлүк пайда болду

3957

АКШнын 2020-жыл үчүн ойноткон «Грин карта» утуп алып, бирок виза жолугушууларына кире албай калган кыргызстандыктарга мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул тууралуу «Эвиденс» академиясынын негиздөөчүсү Алмазбек Арапов «Марал» радиосуна билдирген. Араповдун айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамп чыгарган визалык чектөөлөр боюнча чечими Американын Жогорку сотунан артка кайтарылган.

Мындан улам быйыл “Грин карта” утуп алып, бирок киргизилген чектөөлөрдөн улам виза алууга жетишпей калгандар ушул жылдын 30-сентябрына чейин АКШнын элчилигине чукул кайрылуусу керектиги кошумчаланган.

Эске салсак, АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстандын жарандарына Кошмо штаттарына иммиграциялык жана “Грин карта” визаларын алууга чектөөнү быйыл 24-февралда киргизген. Буга кыргыз паспортторунун аброю жана өздүк документтердеги коопсуздук чараларынын жетишсиздиги негизги себеп катары көрсөтүлгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.