Грозныйдын мэрлигине Рамзан Кадыровдун жээни шайланды

799

Грозный шаардык думасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында калаа башчысы кызматына Ибрагим Закриев шайланды. Анын талапкерлигин шаардык кеңештеги 27 депутаттын 23ү колдоду.

Закриев — Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун жээни (бир тууган карындашынын баласы). Буга чейин ал өлкөнүн Каржы министрлигинде, өкмөт аппаратында жана аймак башчысынын катчылыгында иштеп, биринчи вице-премьер кызматын аркалаган.

Чеченстанда жогорку кызматтарга Рамзан Кадыровдун туугандары менен айылдаштарын дайындоо нормага айланган. «Би-би-синин» орус кызматынын эсептөөсү боюнча ири чиновниктердин 23% өлкө башчынын айылдаштары, 12% достору менен туугандары.

Жалпы жогорку кызматтагы чиновниктердин арасында «Кадыровдун кишилери» көпчүлүктү — 65% түзүшөт.