Грузияда баңгизаттарды сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

10225

Грузияда баңгизаттарын сатуу менен алектенген эл аралык кылмыштуу топ кармалды. Өлкө полициясынын тараткан маалыматына ылайык, анын курамында 3 кыргызстандык бар.

Иликтөөгө ылайык, кылмышкерлер «Телеграмм» соцканалы аркылуу маң заттарын жасоо, сактоо жана сатуу менен алпурушуп келишкен. Анда Кыргызстандын 2000-жылы туулган жараны менен Грузиянын 1985-жылкы жараны Тбилиси жана Батуми шаарларындагы микро-лабораторияларда «Альфа-PVP» деп аталган маң затын даярдап турушкан. Андан соң даяр товарлар кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү аркылуу Армения, Грузия, Кыргызстан, Өзбекистан жана Тажикстанда сатылып турган.

Тинтүү учурунда 21 килограмм майдаланган маң заты жана 10 литрдей «Альфа-PVP» наркотикалык заты табылган. Бул алынган заттардын баасы көмүскө рынокто 2 миллион доллардан ашат экен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.