Губернатор, аким кызматтары жоюлуш керекпи? (видео)

1039

Өлкөдө административдик-аймактык реформа жүргүзүү зарылбы? Бул маселенин айланасында Жогорку Кеңеште кызуу талкуулар жүрүп жатат. Айрым депутаттар областтык администрацияларды жоюу керектигин айтышууда. Себеби жаңы мыйзам боюнча алардын аткара турган иши аз, бирок аппараты жана отурган имараттары чоң. Ошондой эле бул кызматтар үчүн ири көлөмдөгү каражаттары сарпталып жатат. Деген менен бул сунуштарга айрым депутаттар макул эмес. Алардын пикиринде, мындай кадамдарга бараардан мурда, маселени кылдаат изилдеп чыгуу керек. Административдик-аймактык реформаны эмнеден баштоо керек?