Гүлбара Калиева: Судьялардын көбү айлык маянасына нааразы (видео)

666

Судьялардын көбү айлык маянасына нааразы. Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуп жатып билдирди. Айтымында, фемида өкүлдөрүнүн маянасы 25 миңден 50 миңге чейин жетет. «Буга чейин бул акчага нааразы болуп, мага кайрылган сотторго, башка тармактан жумуш таап кетүүлөрүн сунуштагам», — дейт Жогорку соттун төрайымы.

Ошондой эле, тармакта реформа жүрбөй жатканы белгиленди. Учурда жаңы имараттар салынып, эскилери оңдоп-түзөөдөн өтүп жатыптыр. Мындан тышкары, соттордун жүрүм-турумуна да талаптар күчөтүлүп жатыптыр. Буга чейин мамлекет башчысы тармакка бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйгөнү менен тиешелүү кайтарым болбой жатканын айткан.