Гүлдөрдү жана чымчыктарды кагаз бетине түшүргөн сүрөтчү (видео)

853

Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде Кытай сүрөтчүсү Хе Шуи Фанын эмгектеринин көргөзмөсү өтүп жатат. Салттуу Кытай искусствосунун жана каллиграфиясынын чебери Хе Шуи Фа ага өзүнүн кыл калеминен жаралган 40тан ашуун эмгегин койгон. Ал өзү көргөн кооз гүлдөрдү жана чымчыктарды кагаз бетине түшүрөт. Ал көргөн эле нерсесин кайталап койбостон, аларга жан киргизип, элестүү чагылдыра алганы менен өзгөчөлөнөт.

Адатта өз эмгектери үчүн кытайлык өнөрпоз күлгүн кызыл, кызыл жана сары түстөрдү колдонот. Белгилей кетсек, Хе Шуи Фанын эмгектери 700дөн ашуун басылмаларда жарык көргөн. Ошондой эле, анын айрым эмгектери Кытайдын эң маанилүү имараттарында илинип турат.