Гүлнара Журабаева: «12-апрелге белгиленген шайлоону жылдыруу керек»

4735

«Дүйнөнү каптап жаткан коронавирустан коргонуу максатында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 12-апрелге белгиленген шайлоо өнөктүгүн да жылдыруу зарыл». Мындай сунушун БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

Бул сунуш аталган мекеменин төрайымы Нуржан Шайлдабековага, анын орун басарларына жана комиссиянын мүчөлөрүнө да оозеки айтылган. «Шайлоого даярданып жаткан саясий партиялардын үгүт иштери да массалык иш-чарага кирет. Чектөөдөн улам алар эл аз бата турган имараттарда жолугушуу өткөрүп, үгүт жүргүзө беришет. Бирок муну менен элдин ден-соолугуна коркунуч жаралышы мүмкүн», — дейт Журабаева. Бул сунуш азырынча Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумуна коюла элек.

Белгилей кетсек, учурда Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышууда. Ошондой эле бир нече айылдарда да жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгү жүрүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.