«Хакерлер» Бажы биримдигин 250 млн сомдук зыянга учуратты (видео)

875

Бажы кызматынын автоматташтырылган системасын кимдир-бирөө «бузуп» кирип, андагы маалыматтарды бурмалоо болду, дешет Бажы тармагынын кызматкерлери. Бул маалымат базасында кайсы унаа, качан киргени жана андан ары кайда багыт алганы катталчу. 2017-жылдан тартып тармактын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлүп келген. Ал эми автоматташтырылган ситеманы бузуп кирүүдө бул жолу Евразиялык экономикалык биримдикке 8 жарым миллион сом зыян келтирилгени айтылууда. Айрымдар бул ишке бажы кызматкерлери өздөрү аралашкан деген пикирде. Себеби автоматташтырылган тутумга кирүүнүн «паролу» саналуу гана кызматкерлерге берилет.