«Харви» бороонунун курмандыктарынын саны он төрт адамга жетти

1042

АКШнын Техас штатында «Харви» бороонунун курмандыктарынын саны он төрт адамга жетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымдоо каражаттары бийлик өкүлдөрүнө шилтеме менен билдирди. Хьюстон шаарында суу тартылгандан кийин курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн деген кооптонуулар бар. Учурда бул жаратылыш кырсыгынын кесепетин толук баалоого мүмкүнчүлүк болбой жатат.

Бирок кечээ алдын ала-маалыматтар боюнча материалдык чыгым 30 миллиард долларга жеткени айтылган. Учурда Хьюстон шаарынын убактылуу жайгаштыруу борборлорунда 200 миңге чукул киши баш калкалоодо. Дагы 30 миң киши келиши мүмкүн, дешет жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү.

Шаарда аба майдандары, ири автомагистралдар, темир жол каттамдары жана бир топ социалдык мекемелер жабык турат. Президент Дональд Трамп Техаска шашылыш жөнөп кеткени маалым болду.