«Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик тобунун 11 мүчөсү кармалды

777

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматтарга караганда, буга чейин ачылган кылмыш ишинин негизинде, Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл областтарында жашап, аталган уюмдун жашыруун тобунун мүчөлөрү болушу мүмкүн деп шектелгендердин турак-жайларында тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Анын алкагында экстремисттик багыттагы адабияттар табылган. Ошондой эле, тыюу салынган уюмдун лидерлеринин бири, 1982-жылы туулган Ош областынын тургуну кармалып, Жаза аткаруу кызматынын №1- тергөө абагына киргизилди. Учурда ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.