Хоккей: Кыргызстан Иранды 13:1 эсеп менен жеңди (видео)

8548

Хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатынын алгачкы оюунунда Кыргызстандын курама командасы атаандашын ири эсеп менен жеңип алды. Мелдеш Бишкекте башталып, ага жалпысынан 5 мамлекет катышууда.

Эми ал 8-мартка чейин уланып, Кыргызстандын курама командасы Кувейт, Сингапур жана Малайзиянын хоккейчилери менен күч сынашат. Хоккейдин 4-дивизиону боюнча старт алган мелдештин ачылышына президент Садыр Жапаров дагы катышып, бардык спортчуларга таза таймаш жана ийгилик каалады.