Хоккей: Кыргызстандын жаштар курама командасы алдыда келе жатат

1091

Малайзияда өтүп жаткан хоккей боюнча оюндарда Кыргызстандын жаштар курама командасы алдыда келе жатат. Кечээ күнү Азиянын чакырык кубогунун оюндарында биздин спортчулар экинчи жеңишти камсыздашты. Кыргызстандын хоккейчилери Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен беттешип, 10:2 эсебинде утуп алышты. Мелдештин биринчи турунда биздин балдар филиппиндиктерди 12:4 эсебинде жеңип алышкан эле.

Аталган оюндар 12-декабрда башталган. Ага Кыргызстан, Малайзия, Филиппин, Индия жана Бириккен Араб Эмираттарынын 20 жашка чейинки улуттук курама командалары катышууда. Мелдеш 17-декабрда аяктайт. Эртең Кыргызстандын оюнчулары малайзиялыктар менен беттешет. Андан соң, таймаштын акыркы турунда жекшемби күнү биздин хоккейчилер менен индиялыктар ойношот. Азырынча турнирдик таблицада Малайзия жана Кыргызстандын командалары алдыда бара жатат.

Малайзиялыктар буга чейин филиппиндиктерди жана индиялыктарды эсептеги чоң айырма менен утуп алышкан. 20 жашка чейинки хоккей командалары арасында Азиянын чакырык кубогунун оюндары быйыл алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Ага Кыргызстандан 20 спортчу катышууда.