Хоккейчилер дүйнөлүк чемпионаттын тандоо туруна катышат (видео)

680

Ак шумкарлардын ийгилигин эми кыргыз хоккейчилери улаганга аракет кылат. Хоккей боюнча улуттук курама команда Абу-Дабиде өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын тандоо туруна катышат. Тайпалык этапта 5 өлкөнүн командалары менен беттешет.

Соңку оюнда улуттук курама команда футболчулардай эле Бириккен Араб Эмираттарынын спортчулары менен мүз үстүндө жолугат. Кыргызстандык хоккейчилер группалык оюндардан суурулуп чыкса дүйнолүк чемпионатка катышат. Бул Кыргызстандын хоккей тарыхында чоң бурулуш. Ага спортчулар азыр кызуу даярданууда.