Хорватиялык футболчу Лука Модрич “жылдын мыкты футболчусу” аталды

876

Хорватиялык футболчу Лука Модрич “жылдын мыкты футболчусу” наамын алып, “алтын топ” менен сыйланды. Акыркы 10 жылдан бери бул сыйлыкты Криштиану Роналду менен Лионель Месси алып келген.

Бул жолку добуш берүүнүн жыйынтыгында Лука Модрич 759 упай топтоп, мыкты деп табылды. 2-орунду 476 балл менен португалиялык Криштиану Роналду ээлеген. Ал эми франциялык Антуан Гризманн 414 упай менен 3-орунду алды. 33 жаштагы Лука Модрич Испаниянын “Реал” клубунда ойнойт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.