Хожент шаарындагы абакта тополон болуп, 50 киши каза болду

713

Тажикстандын Хожент шаарындагы түрмөдөгү тополондо 50 киши өлгөн. Ал эми, жаракат алгандардын так саны айтыла элек. Абактын жети кызматкери ооруканада. Түрмөдөгү ызы чуу боюнча расмий билдирүү таратыла элек.

Айрым маалыматтарга караганда, каза болгондорду жабык табытка салып, жакындарына аны ачууга уруксат берилбей жатат. Ошондой эле, маркумдардын тажиясы милиция кызматкерлеринин көзөмөлү астында өтүп жатканы кабарланды.

8-ноябрга караган түнү Хожент шаарындагы абакта тополон чыккан. Жергиликтүү агенттиктер тараткан маалыматта ызы чуу, Ислам террористтик тобунун камактагы мүчөсү, согушкер абактын кызматкерине кол салгандан кийин башталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.