Худжандда «Урал авиалинияларынын» үч каттамы аткарылган жок

750

«Урал авиалиниялары» авиакомпаниясынан 28-марттын кечки каттамдары үчүн билет алгандар Худжанддан Екатеринбург менен Москвага учуп кете албай калышты.

Орусиядагы «Урал авиалиниялары» компаниясынын Худжанддагы өкүлүнүн айтымында, 28-мартта Орусиянын шаарларынан Худжандга үч учак келип, жүргүнчүлөр менен кайра дароо учуп кетмек. Бирок «Урал авиалинияларынын» учууларына уруксат берилбегендиктен, каттамдар болбой калган.

Авиакомпания өкүлү бул маселе апрелдин башында чечилиши мүмкүн экенин кошумчалады.

12-мартта тажик тарап орусиялык авиакомпаниянын Пермь – Душанбе багыты боюнча учуусуна тыюу салган. Тажикстандын авиация бийлиги орусиялык компанияны тең укуктуулук принцибин бузду деп айыптоодо.