Human Rights Watch уюму НТС боюнча маселени өз көзөмөлүнө алды

676

Human Rights Watch эл аралык уюму НТС боюнча кырдаалды өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу адам укуктары боюнча аталган уюмдун Кыргызстан боюнча өкүлү Мира Ритман «Азаттык» радиосуна билдирди.

Ал демократиялык коомдо маалымат булагынын ишмердүүлүгүнө бут тосууго жол жок экенин айтып, Human Rights Watch  тышкары, бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары менен медиа өкүлчүлүктөр да НТСтин маселеси кандай, эмненин негизинде чечилерине кылдат көз салып баштаганын билдирген.

Белгилей кетсек, Human Rights Watch өкмөттүк эмес уюму дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүндө адам укуктары боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп, мониторинг кылып келет. Алардын докладындагы маалыматтардын негизинде, тиешелүү өлкөлөрдүн эл аралык аренадагы бедели мерчемделип турат.