Хусан Каримовго 1 млн 700 миң доллар жөнөтүлгөнбү? (видео)

3164

Бир ай мурда «Манас» аба майданынын жанында унаанын багажынан сөөгү табылган Хусан Каримовго Оштон 10 миң эмес, 1 миллион 700 миң доллар жөнөтүлгөн болушу мүмкүн. Мындай маалымат менен өздүк булактар бөлүшүүдө.

Интернетте дал ошол таксисттин өлүмүнө тиешеси бар делген адамдын видеосу жарыяланды. Анда беткапчан жигит Оштон жиберилген ири суммадагы акчаны алып из жашырганы баяндалат. Бул окуянын Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айкеркен Саимати менен кандай байланышы бар?