«I am a Singer» сынагына кыргызстандык ырчы катышууда (видео)

809

Талант жана өжөрлүк. Казакстанда өтүп жаткан «I am a Singer» сынагында Кыргызстандын намысын коргоп жаткан Нурсултан Райымбековду калыстар тобу дал ушундай мүнөздөшүүдө. Алты өлкөнүн таланттарынын башын бириктирген сынак өткөн жекшемби күнү башталган. Биздин ырчы атаандаштарынан өзүнүн үнү менен айырмаланып, казакстандыктардын сүймөнчүлүгүнө ээ боло алды. Нурсултан Райымбеков мелдештин алгачкы турунда англисче ырдаса, экинчи турунда кыргыз тилиндеги чыгарманы аткарган. Эске сала кетсек, «I am a Singer» сынагын Кыргызстандын аймагында НТС телеканалы көрсөтүүдө. Мекендешибиз катышкан сынакты келээрки жекшемби күнү НТС каналынан көрө аласыздар.