Йакын Инкар уюмунун мүчөлөрүнүн көздөгөнү эмне? (видео)

2074

Чүй областында Йакын Инкар экстремисттик уюмунун Борбор Азия боюнча лидери жана 4 активдүү мүчөсү кармалды. Кечээ күнү Москва районунун Беловодск айылында милиция кызматкерлери тарабынан 50дөй киши колго түшүрүлгөн.

Алардын мыйзамсыз уюштурган медресесин, жатаканасын тинтүү маалында диний топко тийиштүү китептер менен кошо башка дагы буюмдар табылган. Учурда активдүү мүчөлөрү камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 2017-жылдан тарта Кыргызстанда экстремистик топ катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм эмнеси менен кооптуу?