Ибрагим Жунусовдун талапкерлиги Өзбекстандын элчилик кызматына көрсөтүлдү

787

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилик кызмат ордуна Ибрагим Жунусовдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Анын кандидаттыгы парламенттеги эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында каралат.

Ибрагим Жунусов 3 жылдан бери Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп келет. Мыйзамга ылайык элчилер 3 жылдык мөөнөт менен дайындалат. Эгерде дипломат жакшы иштеп өзгөчөлөнө алса, анда элчилик кызмат орду дагы бир жылга узартылат.

Эске салсак, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилик кызмат орду ушул жылдын март айынан бери бош турат. Буга чейин бул кызматта Данияр Сыдыков иштеп, быйыл 5-мартта президенттик аппараттын тышкы саясат бөлумүнүн башчысы болуп дайындалган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.