Ичеги-карын инфекциясына чалдыккандар көбөйүүдө (видео)

879

Бир сутканын ичинде эле Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына ичеги-карындын инфецияларына кабылган 60тан ашуун адам кайрылды. Алардын басымдуу көпчүлүгү 1 жаштан 3 жашка чейинки наристерлер. Оруулуулардын саны өтө эле көп болуп кеткенине байланыштуу палаталарда орун жетишпей, айрым бейтаптар коридорлорго жайгаштырылган. Ичеги оорууларынын күчөп кетишинин негизги себеби инфекцияга кабылгандар жаз алды менен көбөйгөн жашылча-жемиштерди тазалабай жегени жана өздүк гигиена эрежелерин сактабай жатканы болууда дешет медиктер. Мындан улам, дарыгерлер ысыкта тамак-ашты туура сактоо керектигин эскертишүүдө.