Ичимдиктерди жарнамалаган сайттар жазаланабы? (видео)

801

Кыргыз эли үчүн улуу инсандарынын аттарын тамеки, алкоголдук ичимдикке коюуга тыюу салуу үчүн Президенттин аппаратында комиссия түзүлдү. Бул тууралуу парламентте «Жарнак» тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү кароо учурунда белгилүү болду. Документке ылайык, алкоголдук ичимдиктерди интернет сайттарында да рекламалоого тыюу салынат. Бирок эл өкүлдөрүнүн көбү арак-шараптардын атталышы, жарнамалардын туура эмес которолуп жатканы тууралуу маселе көтөрүштү. Экономика министринин орун басарынын айтымында, алкоголдук продукцияларга тарыхый инсандардын атын берүү компаниялардын брендине айлангандыктан аларга тыюу салынса, мамлекет компенсация төлөп бериши керек.