Ички иштер министрлигинин алдында өткөн кош митинг (видео)

3812

Элдин көбүнүн көңүлү айыл өкмөтүнүн имаратына камалып алган аялдарга бурулуп турган чакта, Ички иштер министрлигинин алдында эки митинг уюштурулду. Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча жарандык коом жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү уюштурган акция үзгүлтүккө учурады.

Чогулуш башталайын деп калганда ички иштер органдарынын ардагерлери келип, митингдин катышуучулары менен кайым айтышуулар болду. Кийин ал жерге жалаң эркектерден турган топ ар кандай чакырыктар менен келишип, зомбулукту токтотуунун талап кылгандарды министрликтин алдынан сүрүп чыгарды. Бейөкмөт уюмдарына каршы болгондордун митинги өкмөт үйүнүн алдында уланды.