Ички миграция өлкөнүн өнүгүүсүнө кедергесин тийгизүүдө (видео)

811

Жумушсуздук, турмуш-шарттынын начардыгы жана табигый кырсыктар. Ушул жана башка жагдайлардан улам, Кыргызстандын аймактарынын тургундары жер которууга аргасыз. Алардын бардыгы эле чет өлкөгө жумуш издеп кетишпейт. Өлкөнүн башка аймактарына көчүп баргандар дагы арбын, дешет ички миграция маселесин изилдеген адистер.

Сурамжылоого катышкандардын айрымдары убактылуу гана жер которгонун айтып, кийин өз айылына кайтып же чет өлкөгө кетем дешет. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, ички миграциянын күчөшү өлкөнүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип жатат. Кылмыштуулук көбөйүп, ири шаарлардын калкы кескин өсүп кетти. Анын кесепетинен бала-бакча, мектеп, оорукана жетишпей жатат. Ал эми жер которуп келгендер болсо начар шарттарда иштеп, алардын укуктары корголбой калууда.