Йемендин мурдагы президентинин өлүмү ырасталды

905

Йемендин мурдагы президенти Али Абдалла Салех тарапташтары менен хусит козголоңчулардын ортосундагы куралдуу кагылышуу маалында өлтүрүлдү. Салех жетектеген Элдик конгресстин расмий өкүлдөрү ал Йемен борбору Сананын түштүгүндөгү кол салуудан мерт болгонун ырасташты.

Салех эки күн мурда Иран колдогон хусит согушкерлер менен өнөктөштүгү аяктаганын жарыялаган болчу. Ал акыркы үч жылдан бери башкалаа Сананы хусит козголоңчулары менен чогуу башкарып келген.

Хуситтердин лидери Салехтин өлүмүн «өтө маанилүү жаңылык» катары кубаттады. Абдул Малик аль-Хути Сауд Аравия башында турган аскердик коалициянын колдоосундагы Йемен өкмөтүнүн ниети ашкереленгенин билдирди.

75 жаштагы Салех Йеменди отуз жылдан ашык убакыттан бери башкарып келаткан. Элдик толкундоолор менен саясий басымдын жыйынтыгында ал 2012-жылы кызматтан четтетилген. Бирок Иран колдоого алган хуситтер менен альянс түзүп, өлкөнү башкаруусун уланта берген.

Салехтин өлүмү тууралуу биринчилерден болуп кабарлаган козголоңчулар ага Сауд Аравиясына бараткан маалда кол салынганын билдиришүүдө.