ИГИЛдин кирешеси Борбор Азия өлкөлөрүндөгү банктарда сакталууда

758

ИГИЛдин кылмыштуу кирешеси Борбор Азия өлкөлөрүндөгү абройлуу банктарда сакталууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар уюмунун Башкы катчысынын орун басары жана аталган уюмдун Коопсуздук кеңешинин контртеррористтик башкармалыгынын жетекчиси Владимир Воронков билдирди. Анын айтымында, учурда Ирак жана Сириянын аймактарында ИГИЛдин топтору азайып, жаңы согушкерлер менен толукталбай калды.

Бирок жеңиш тууралуу азырынча айтуу эрте, дейта ал. Себеби бул террордук топтун бир топ аймактардагы уячалары былтыр катуу соккуга кабылып, алсыраганы менен ал кооптуу бойдон калууда. Учурда ИГИЛ тышкы теракттарга басым жасап жатыптыр.

Тактап айтканда, өз таасирин дүйнөнүн башка аймактарына да жайылтуу аракетин көрүүдө. Террорчулардын кылмыштуу кирешелери Перс булуну, Европа, Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү банктарда сакталып жатат, деди Воронков.