Ийгиликтүү ишкерлер жаштарды үйрөтөт (видео)

1340

“Энактус” коомдук бирикмеси жаштар арасында бизнести өнүктүрүү боюнча жаңы долбоор баштады. Ага ишкерликке кызыгуусу бар жана жөндөмдүү жаштар катыша алат. Аталган бирикме Эл аралык эмгек уюму менен кызматташып, эми социалдык камкордукка муктаж балдар бизнеске киришүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мекемеде турмуштун оор кырдаалына кабылган, мыйзам менен мамилеси келишпеген улан-кыздар билим алышат. Бул идея алардын мындан аркы жашоосун туура нукка өзгөртөт, дешет иш-чаранын уюштуруучулары. Жаңыдан ишке киргизилип жаткан долбоордун негизинде тажрыйбалуу ишкерлер өз билими жана ийгилик сырлары менен бөлүшүшөт.