III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 3 миңге жакын билет сатылды

2189

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш салтанатына 3 миңге жакын билет сатылды. Билеттер үч шаарда: Бишкек, Ош жана Чолпон-Атада сатылып жатат, баасы 400дөн 4 миң 900 сомго чейин жетет. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча каатчылыгын өкүлдөрү билдиргендей, билет сатуудан түшкөн каражаттар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду колдоого жана аны мындан ары өркүндөтүүгө жумшалат.

Жалпысынан, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга мамлекеттен 307 миллион сом каралган. Уюштуруучулардын айтымында, бөлүнгөн каражат иш-чараны уюштуруунун 50 пайызына гана жетет. Андыктан демөөрчүлөрдөн дагы кошумча 200 миллиондон ашык каражат каралууда.