ИИМ 350 миң сомго сүрөт сатып алууну пландап жатат (видео)

2044

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги Кыргызстандын кооз жаратылышы тартылган 50 даана сүрөт сатып алууну пландап жатканы маалым болду. Мекеме пейзаж сүрөттөрдүн узун туурасы 1 метрден ашпаш керек деген талап коюп тендер жарыялаган.

Министрлик бул үчүн 350 миң сом каражат бөлгөн. Азырынча бул сүрөттөрдү сатып алуунун себептери ачыкталган жок. Ал арада сүрөт чеберлери тиешелүү талапка туура келген эмгектер кантип жаралып, канчага баалана турганы жөнүндө айтып беришти.