ИИМ 4 кызматкери пара менен кармалды (видео)

827

Бишкекте 4 милиция кызматкери бир кылмыш ишти жабуу үчүн 5000 миң доллар пара талап кылган деп шектелүүдө. Алар Финполиция тарабынан колго түшүрүлүп, жандарынан 1000 доллар табылган. Бул ишке 3 ыкчам кызматкеринин гана эмес, бир тергөөчүнүн да тиешеси бар экени айтылууда.

Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда кылмыш иши токтотулган бир материал табылган. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы берген маалымат боюнча, Бишкек шаарынын тургуну милиционерлер менен соодалашып отуруп, сумманы 3,5 миң долларга түшүргөн.