ИИМ: автоунаа сатып алууда этият болгула (видео)

646

Ички иштер министрлиги автоунаа сатып алууда этият болууну эскертүүдө. Алгач сатылып жаткан машинанын документин дыкаат текшерип, ал шектүү болсо, укук коргоо органдарына кайрылуу керек. Кечээ эле Криминалдык милиция контрабанда жолу менен машина ташыган кылмыштуу топтун 4 мүчөсүн жана мамлекеттик каттоо кызматынын 2 кызматкерин колго түшүрдү.

Алар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн документтерин жасалмалоо менен бажы салыктарын төлөбөй, Кыргызстанга 111 унаа ташып келген. Контрабандалык схеманын натыйжасында, мамлекетке 100 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Айрым маалыматтар боюнча, Кыргызстанга соңку 2 жылда 250дөн ашык унаа аткезчилик жол менен ташылып келген.