ИИМ: Былтыр Кыргызстанда 36 сайт жабылган

848

2018-жылы Кыргызстанда 36 интернет-сайт экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды тараткан деген негизде жабылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин билдиргенине караганда, жалпысынан былтыр милиция органдары мындай багыттагы 91 маалыматты, 70 сайтты жана 21 аккаунтту аныктап чыккан.

36 сайт соттун чечими менен жабылган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, Кыргызстанда 21 уюмдун иши деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп таанылып, соттун чечими менен алардын ишмердүүлүгүнө расмий түрдө тыюу салынган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.