ИИМ: Чыңгыз Жумагуловго издөө жарыяланды

969

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун арасында таасир талашуу күчөдүбү? Мурдагы түнү Бишкекте №2-төрөт үйүнүн короосунда катуу сабалган 2 адам табылган. Дарыгерлер токмоктолгондорду олбурлуу бир нече адам алып келип, таштап кеткенин айтышкан.

Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, экөө тең криминалдык чөйрөдө Сакал каймана аты менен таанымал Улан Токтосуновдун кылмыштуу тобунун мүчөлөрү экени кабарланууда. Алар алган жаракаттарынан улам өзүнө келбей каза болду. Бул окуядан көп узабай, Ички иштер министрлиги кылмышка шектүү киши тууралуу багыттама чыгарды. Алардын арасында — Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөлөрү катары таанылган Чыңгыз Жумагулов бар. Криминалдык чөйрөдө Дөө каймана аты менен белгилүү.

Муну менен катар эле, интернетте эки адамды сабоо учурунда тартылган видео тарады. Чыңгыз Жумагуловго окшош делген киши Геленваген унаасынан түшүп келип, жанындагысы менен бирге экөөнү сабап, машинага отургузганын көрүүгө болот.

Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришкендей, Чыңгыз Жумагулов ушул жылдын февраль айында жатак абакка которулган. Учурда Ички иштер министрлиги ага карата издөө жарыялады. Ал эми ошол күнү анын жанында жүрүп, 2 адамды өлтүрө сабоого тиешеси бар деп 2 кылмышка шектүү кармалды. Алар Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турушары маалым болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.