ИИМ Дача СУдагы кулаган учак боюнча тергөө ишин кайрадан жүргүзүп жатат

642

Дача СУ айылына кулаган учак боюнча экспертизанын жыйынтыгы кайрадан текшерүүгө алынууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кылмыш иши толугу менен кайрадан электен өткөрүлүп, башынан иликтенет. Азырынча адам өмүрүн алган авиакырсыкка байланыштуу эч ким суракка чакырыла элек.

Буга чейин Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин тармактык комитетинин жыйынында отчет берип жатып, «Боинг» аба кемесинин кулаганы боюнча Ички иштер министрлигинин кылмыш ишин козгоодон баш тарткан чечими жокко чыгарылып, кийин жанданганын айткан.

Бирок учактагы жүк кимге таандык болгону тууралуу маалыматты тергөөнүн купуялуулугу үчүн ачыкка чыгарган эмес. Учурда тергөө ишин Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатат.

Эске салсак, мындан 2 жыл мурда 16-январда таңкы саат 7.30 чамасында «Боинг» жүк ташуучу учагы «Манас» аэропортунун жанындагы Дача СУ айылына кулап түшүп, натыйжада 39 адам каза таап, 15 жергиликтүү тургун түрдүү жаракаттарды алган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.