ИИМ: Жол эрежесин бузган айдоочуларга айып 4-марттан кийин салынат

709

Жол эрежесин бузган айдоочуларга айып 4-марттан кийин гана салына баштайт. Ал эми 12-февралдан бери «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында видеокамерага түшкөн материалдар жокко чыгарылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин кызматкерлери билдиришти.

Адистердин айтымында, бузуулар тууралуу кодекске киргизилген өзгөртүүлөр 4-марттан тарта күчүнө кирет. Айдоочулардын баарына бирдей мамиле кылуу үчүн, камерага түшкөн фактылар боюнча айып салуу 3 күндөн кийин гана башталат экен.

Бишкекте 12-февралдан тарта «Коопсуз шаар» долбоору иштеп жатат. Ошол эле убакта, 1-январдан тарта күчүнө кирген кодекс боюнча, айыптын өлчөмү жана жол эрежесине байланыштуу түшүнбөстүктөр жаралгандыктан мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жаткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.