ИИМ камакка алынган Терек-Сайлыктарды бошотуу үчүн өзү сотко кайрылат

748

Чаткал районунун Терек-Сай айылында милицияга кол көтөрдү деп айыпталып камакка алынгандарды бошотуу үчүн Ички иштер министрлиги өзү сотко кайрылмай болду. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Министр Кашкар Жунушалиев жергиликтүү тургундар менен жолугушкандан кийин, мекеме кармалгандарды үй камагына чыгаруу үчүн сотко кепилдик берүү чечимин кабыл алган. Ата-энелер балдары ката кетиргенин моюнга алып, кечирим сурап, ырайым кылууну өтүнүшкөн.

Эскерте кетсек, 4-декабрда Жалал-Абад областык соту Шумкар атайын багытындагы кызматкерлерге кол көтөрүп, денесине залал келтирген деп айыпталган жергиликтүү 15 тургундун алтоосун эки айга, тогузун бир айга камакка алган.

Областтык сот кармалгандардын жактоочуларынын өтүнүчүн карап, 13 кишини үй камагына чыгарган. Эки адам тергөө абагында калды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.