ИИМ: «Кыздар уурдалды» деген маалымат жалган (видео)

2821

Чүйдө эки окуучу кызды уурдоо аракети болду деген маалымат азырынча тактала элек. Бирок окуя катталды делген айылдын тегерек-чети тинтүүгө алынып, машиналар текшерилүүдө. Эске салсак, Панфилов районунун Эркин-Сай айылында 2 окуучуну уурдоо аракети болгону тууралуу билдирүүлөр тараган. Окуя болгон жерге райондук милициянын жетекчилери, ыкчам тергөө тобу барган.

Айыл эли менен сүйлөшө келгенде алар эч кандай шектүү унааларды байкабагандарын билдиришкен. Чуу салган билдирүү жалган маалымат болуп калышы да мүмкүн. Эгер ал коомчулукту атайын дүрбөлөңгө түшүрүү үчүн жасалган болсо, аны жайылткандар мыйзам алдында жооп беришет.