ИИМ: Милициянын майору катышкан жол кырсыгы иликтенүүдө

760

Ички иштер министрлиги милициянын майорунун катышуусундагы жол кырсыгы боюнча текшерүү жүргүзүүдө. Жабыркаган тарап болсо, бул окуя боюнча акыйкат чечим чыгарынан күмөн санап, президент менен өкмөт башчыга кайрылганы турат. Өткөн аптада Бишкекте эки унаа сүзүшүп, анын бирин милициянын майору башкарып баратканы аныкталган.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсыкка күнөөлүү тартип сакчысы мас абалында болгон. Бирок ден соолугу начарлап, кыйналып жаткандай түр көрсөтүп, наркологиялык текшерүүдөн өтүүдөн баш тартып, кыйынчылыктарды жараткан.

Ал арада, бүгүн ошол милициянын майору Төлөн Камчыбек уулу, жол кырсыгына күнөөлүү экенин моюнга алды. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, аварияга күнөөлүү экенинде талаш жок. Бирок окуя болгон жерден жабыркаган тарап ага кол көтөрүп, күбөлүгү менен 12 миң сомдой акчасын тартып алганын билдирди.

Ошондой эле, Төлөн Камчыбек уулу бир күн мурда арак ичкендиктен, экспертизада канынан алкоголь чыгып калганын айткан. Ал эми жабыркаган Улан Орозалиевдин айтымында, ал милицияга кол көтөргөн эмес, муну тастыктай турган күбөлөр бар. Майор мындай аракети менен жоопкерчиликтен качуу аракетин көрүп жатат дейт.