ИИМ мыйзам бузууларды иликтөөнү эмнеге созуп жатат? (видео)

3104

Өкмөт Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жоопкерчилигин карайт. Буга «добуш сатып алуу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин бир айдан бери аягына чыкпай жатканы себеп болду. Боршайком Нарын районунун Чет-Нура айылындагы добуш сатып алуу аракети болду деген маселени карап, ал боюнча тартип сакчылары өтө чабал иштеп жатканын билдиришти.

Адистердин айтымында, шайлоого байланышкан иштер өтө тез тергелип чыгуусу зарыл. Ал арада серепчилер дал ушундай көңүл коштуктун айынан жер-жерлерде мыйзам бузуулар байма-бай болуп жатканын айтып нааразы. Үгүт маалындагы милициянын чабалдыгы министрди ордунан козгойбу?