ИИМ: Өлкөдө 2 ай ичинде 99 өспүрүм жоголуп, сегизи табыла элек

702

Эки ай ичинде өлкө боюнча 99 өспүрүм жоголуп, 8 дагы деле табыла элек. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Тартип сакчылардын айтымында, убагында дайынын чыгарбай кеткендердин жарымынан көбү эркек балдар. Алардын он чактысы адашып кеткенин айтса, басымдуу бөлүгү ата-энеси, жакындары менен урушканы үчүн үйдөн качканын билдиришкен.

Жоголгон жана табылган өспүрүмдөр 6 жаштан 14 жашка чейин болушкан. Дайынын чыгарбай кеткендердин “48 саатка жоголуу” аттуу виртуалдык оюн менен байланышы жок дейт Ички иштер министрлигинин адистери.

Социалдык тармактарда тарап жаткан жаңы оюндун эрежеси боюнча, ага катышкан бала эч кимге айтпай 2 суткага дайынсыз жоголушу керек. Буга байланыштуу тартип сакчылары ата-энелерди өспүрүмдөрдүн интернеттеги коопсуздугун эске алууга чакырышат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.