ИИМ: Ошто небересин 20 миң сомго саткан аял кармалды (видео)

962

Ош шаарында төрөлгөнүнө бир ай боло элек небересин сатып жаткан аял кармалды. Ички иштер министрлигине 59 жаштагы жергиликтүү тургун кызынын баласын соодалаганы кардар тапканы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Аял үйүнөн наристени уурдап чыгып 20 миң сомго сатып, акчаны алып кетип баратканда кармалган. Ымыркайдын төрөлгөнүнө бир ай да боло элек. Жээн-небересин сатууга аракет кылган аялга карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Маалыматтарга караганда, наристенин энеси баласы сатылып жатканын билген эмес. Апасы кызын алдап, ымыркайды уурдап кеткени айтылууда.