ИИМ: резонанстуу кылмыш иштери боюнча маалыматтар (видео)

652

Өткөн жылы милиция кызматкерлерине байланыштуу 67 кылмыш иши козголуп, 80 ден ашуун адам жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйынында билдирди. Бирок чакырылган 60тай журналисттин үчтөн бири гана суроолоруна жооп ала алышты. Токмоктогу атышуу, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү сыяктуу резонанстуу кылмыш иштери тууралуу маалыматтар берилди.

Министрдин айтымында, чек арадагы чатак боюнча учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр кандай жазага тартылары белгилүү болот экен.