ИИМ: «Шектүүгө карата эч кандай кыйноо болгон эмес» (видео)

579

Баткен областынын мурдагы прокурорунун өлтүрүлүшү боюнча шектүүгө карата эч кандай кыйноо болгон эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Тартип сакчыларынын айтымында, шектүү денесиндеги көк ала тактарды маркум менен мушкашкан маалда алган. Себеби ал кармалганда эле денесинин бир топ жеринде тактар бар экени байкалып, ошол замат документтештирилген, дешет милиционерлер.

Ал арада шектүүнүн туугандагы нааразычылык акциясына чыгышып, каргаша болгон күнү маркум менен чогуу аңчылыкта жүргөн прокурорлор дагы кармалсын деген талап коюшту. Ошондой эле, тиешелүү мекемелер ишти таза иликтеп беришсин, дешет алар.