ИИМ: Токмокто теракт уюштурууну көздөп жаткандар кармалды

936

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Органдарга келип түшкөн болжолдуу маалыматтан улам, ИИМ жана УКМК кызматкерлери биргеликте Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирин тинтүүгө алган. Ал жактан экстремисттик мүнөздөгү басылма, аудио, видео материалдар жана РГД-5 гранатасы алынан

Күч органдары мындан башка дагы эки үйдө тинтүү жүргүзүп, экстремисттик басылмалар менен кошо ок-дарылар, колго жасалган жардыруучу заттар, ок атуучу куралдар алынды.

ИИМ маалымдагандай, кармалган үч адам шайлоо алдында жана шайлоо күнү теракт уюштурууну көздөп жаткан. Кармалгандар убактылуу тергөө абагына камалып, аларга 299 (улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу), 241 (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Милиция учурда кармалгандардын башка шериктери бар-жогун аныктоого киришти.