ИИМ уюшкан кылмыштуулук бат өсүп кетти деген айыптоолор менен макул эмес

1082

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук бат өсүп кетти деген айыптоолор менен макул эмес. Мекеме бул боюнча түшүндүрмө берип, Кыргызстанда криминалитет бат өсүп кетти деген билдирүүлөрдө эч кандай негиздер жок экенин, бул чындыкка дал келбей турганын айтышууда.

Ошондой эле, криминалитет башын көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү жок деген маалымат таратышты. Анда Мадина базарында иштеген соодагердин өлүмү боюнча мүлккө ээ болуу, опузалап акча талап кылуу, карактоо, адам өлтүрүү максатында бир кишини уурдоого шектелген бүтүндөй кылмыштуу топ кармалганы кабарланды.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев криминалитет башын көтөргөнүн, алар менен күрөшүүдө өкмөт алсыз болуп жатканын айтып, кескин сынга алган эле.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.