ИИМ: Ымыркай сатуу боюнча жети дарыгерге айып коюлду

716

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатуу фактысы боюнча жети медицина кызматкерине айып коюлду. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн, 24-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

— Алты киши тергөө абагында, бирөө үй камагында, — деген Кашкар Жунушалиев тергөө кызыкчылыгынан улам бул иш боюнча иликтөө бүткөндөн кийин толук маалымат берилээрин айтты.

Маалыматка караганда, ымыркай сатууга байланыштуу жалпы төрт кылмыш иши козголду.

Милиция Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген гинекологдор бала сатуу боюнча шек саналып кармалганын 7-сентябрда жарыялаган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши сатуу”, “Мыйзамсыз бойдон алуу” жана “Жалган документтерди даярдоо” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.