ИИМ: Ымыркай сатуу кылмыштарынын артында көп киши турат

1776

Ымыркай сатуу кылмыштарынын артында абдан көп киши турат, а түгүл атайын топтор да болушу мүмкүн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматтарга караганда, Бишкекте бала сатууга шектелип кармалган дарыгерлердин барында тиешелүү документтер жана атайын мөөрлөр болгон. Тактап айтканда, алар жасалма документтерди жасап жүрүшкөн.

Азырынча үч киши камакка алынып, алардын айрымдары кошуна өлкөгө барып-келип иштеп жүргөн. Тартип сакчыларынын айтымында, учурда кылмыш иши тыкыр иликтенүүдө, анын жыйынтыгы менен көп фактылар ачыкка чыгып, дагы камоолор болушу толук мүмкүн. Себеби бул ишке дагы бир катар дарыгерлер шектелип жатыптыр.

Эске салсак, өткөн аптада жаңы төрөлгөн ымыркай сатууга шектелип, гинекологдор кармалган. Колго түшүрүү учурунда алардын унаасынан бузулуп бара жаткан ымыркайдын сөөгү чыкканы да маалымдалган. Азырынча бул окуя кайсы медициналык мекемеде болгону жана кайсы дарыгерлер кармалганы ачыктала элек.